7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эркек кишини «Жылаңач түшкөн сүрөтүңдү интернетке таратам» деп коркуткан аял кармалды. Арасында депутат дагы бар

1140

Сузакта “Жылаңач түшкөн сүрөттөрүңдү интернетке таратам” деп шантаж кылып, опузалагандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2022-жылдын декабрь айынын ортолорунда Жалал-Абад шаарында такси кылып жүрүп, аял киши менен таанышкандыгын, ал менен социалдык тармакта сүйлөшүп жүргөндүгүн билдирген. Бул учурда аял киши “Жылаңач сүрөтүңүздү жөнөтүңүз” деп сактап алып, кийин “Жылаңач түшкөн сүрөттөрүңү интернетке таратам” деп коркутуп, акча талап кылып жүргөн.

Аял киши өзүнүн дагы бир шериги менен акча талап кылуусун токтотпой, кийим-кече, үй-тиричилик буюмдарын алдырып, карыздарын төлөтүп, жалпы суммасы 187 000 сом акчасын коркутуп алышкан. Алар азыркы учурда дагы токтоп калбастан коркутуп, акча талап кылып жатканын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип Сузак районунун Сузак айыл аймагынын тургуну 1983-жылы туулган М.Н. жана Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районунун тургуну 1987-жылы туулган Р.М. кармалган. Алардан опузалап талап кылган 15 000 сом акча жана “WhatsApp” социалдык тармагында жазылган видео, аудио жана текст жазуулары алынган.

Мындан сырткары тергөөнүн жүрүшүндө ыплас кылмыш ишине Сузак айылдык кеңешинин депутаты 1980-жылы туулган А.А. жана Сузак районунун Сузак айыл аймагынын тургуну 1990-жылы туулган А.Б. шериктеш болуп жүрүшкөндүгү такталган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1141