Ооруканада ВИЧ жуккан балдардын ата-энелери мамлекетти сотко берди.
Маалыматка ылайык, дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ илдети жуккан балдардын ата-энелери моралдык кенемте талап кылууда. Мамлекет балдарына 1 млн. сом кенемте төлөп бериши керек деп эсептейт.
«Өнөктөштүк желеси» деп аталган ассоциациянын башчысы Айбар Султангазиевдин айтуусунда, мамлекетти сотко берүүнү каалаган 90 ата-эне бар экенин белгиледи.
«Биздин ассоциациянын жана «Сорос — Кыргызстан» фондунун юристтери тарабынан учурда төрт ата-эненин арызы сотко берилди. Башкалары да кайрылышкан, бирок документтериндеги мүчүлүштүктөр, айрымдары мурда алышкан экен, ошолордун арасынан азырынча төртөөнүн атынан ишеним каттар жана арыздар сотко берилди».
Буга чейин соттун чечими менен мамлекет тарабынан 500 миң сом төлөп берүү милдеттендирилсе, айрым энелер 50 миң сомго да макул болушкан. Айрымдары балдарына ВИЧ жукканын эпидкомиссия аркылуу иликтешкен эмес.
Жыл башында Жогорку сот мамлекетти баласына ВИЧ жуккан энеге 2 млн. сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Балдарына ВИЧ жуккан ата-энелердин көпчүлүгү мамлекеттен моралдык кенемте төлөп берүүнү талап кылышкан.
Белгилей кетсек, 2006-2007-жылдары 382 балага ооруканада жаткан кезде жуккан. Алар Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт. Илдетке чалдыккан балдардын алды 20 жаштан өтүп калды.