7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«4 кабыргасы, манжасы сынган». Ошто келинди ур-токмокко алууга шектелип, күйөөсү кармалды

468

Ош шаарында аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-февраль күнү Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, аны 21-февраль күнү мас абалындагы күйөөсү сөгүп, уруп, жараат келтиргендигин көрсөтүп, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Мындай зомбулук бир нече ирет буга чейин дагы болуп келгендигин айткан. Арыздануучуга дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын 4 кабыргасы жабык сынгандыгы, сол колунун манжасы сынгандыгы тууралуу корутунду чыгарып берген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү жаран суракка чакыртылган, бирок ал тергөөгө келбей из жашырып кеткен. 8-март күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Шектүү көрсөтмөсүндө окуя болгон учурларда мас абалда болгонун, жасаган кылмышын толугу менен мойнуна аларын билдирген. Ал мурда эки жолу сот жоопкерчилигине тартылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизген. Тергөө иши аягына чыгарылып, сотко жөнөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

469