7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

4 млн 200 миң сом пара талап кылууга шектелген депутат кармалды

657

Таласта 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылган жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Опузалап пара талап кылуу беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 25-декабрда Бишкек шаарынын аймагында 1 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Талас районунун Бекмолдо районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты Ч.Т.Ж. кармалды. Ушул жылдын декабрынын башында ал ар кандай коркутуулар менен, Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн утуп алган 67 млн сом өлчөмүндөгү тендердин жалпы суммасынын 6% өлчөмүндө компенсация катары бересиң деп жеке ишкананын директорунан аталган акча каражатын талап кыла баштаган.

Болбосо, жогоруда аты аталган депутат ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштерин жүргүзүүдө ар кандай тоскоолдуктарды уюштурууну убадалаган.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

 

 

658