7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

40 млн сомдон ашуун зыян. Ошто коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды

889

Үй алып берүүнү убадалаган  “S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк жарандар бул кооператив тарабынан убадаланган үйгө жетпей,  укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Ош шаарынын аймагынан  жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок, аны аткарбастан, алдап жүргөн шектүү катары  “S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси 1994-жылы туулган  А.Б. кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бүгүнкү күндө аталган кооперативдин үстүнөн 24 жабыркаган жарандардын арыздары бар.  Алар өз арыздарында адегенде аталган кооперативге кирүү үчүн адегенде 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын ала турган үйүнүн кооператив тарабынан белгиленген сумманы (процентти) төгүп турушкан. Жабырлануучуларга келтирилген сумма бүгүнкү күндө бир нече миллион сомдон ашкан.

Бул кооператив  алдамчылык менен алектенген “Финансылык пирамида” катары иш жүргүзгөнгө шектелип жатат.  Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, үй алууга муктаж катары келген жана акча төккөн айрым гана жарандарга үй алып беришип, калган көпчүлүк акчасын төккөн жарандарга үй тийген эмес. “S-LINE” турак жай кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча алганда, азыркы күндө алардын жарандарга койгон шарттары боюнча “турак жай алуучулар алына турган турак жай үчүн жалпы баасынан 50% төлөгөн учурда 2 ай ичинде, 25% төлөгөн учурда 4 ай ичинде калган суммасын турак жай кооперативи тарабынын төлөнүп, 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө насыя берилип, турак жайлуу болушат”- деп убадалашкан. Бирок, аталган сумманы төккөн жарандардын ала турган үйлөрү кечеӊдеп бир нече айларга созулуп бара жаткандыгына байланыштуу жарандар арыз менен кайрылышкан.

Аталган окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп,  209-берененсинин 2-бөлүмүнүн 1,2-пунктарында көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.  

Тергөөнүн жүрүшүндө, “S-LINE” коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин Түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылып, 2022-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө иш алып барган. Бул убакыт аралыгында кооперативке жалпысынан 102 жараан турак-жай үйүн алуу үчүн кайрылып, алар кооперативдин мүчөлөрү (пайщик) катары кооператив менен келишим түзүшүп, кирүү төлөмү (вступительный взнос) катары 218 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын, андан сырткары алына турган үйдүн баасынан 25%, 35% жана 50% чейинки өлчөмүндөгү төлөмдөрдү кооперативке төлөшүп турган.

Жарандар тарабынан  төлөнгөн төлөмдөр тууралуу квитанциялары тергөөгө камсыз кылынган. “S-LINE” коммерциялык эмес турак-жай кооперативине карата жалпысынан 24 жаран коллективдүү  арыздары менен кайрылышып, акчадан же үйдөн жок калгандыктарын, үй алуу боюнча мөөнөттөрү  артка жылдырылып жатышкандыктарын айтышкан. Жабырлануучуларга келтирилген зыян бүгүнкү күндө 40 млн сомдон ашып жатат.

15-март күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан “S-LINE” коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин төрагасы, Бишкек шаарынын тургуну А.Б. тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн тергөөгө камсыз кылынды жана 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учяурда тергөө аракеттери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

890