7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров ички дүң продукциянын өсүшүн белгиледи

657

«ИДПнын номиналдык көлөмү 3 жыл катары менен 600 млрд сомго жетпей келген, биз аны быйыл 720 млрд сомго чейин чыгарабыз деп жатабыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйналышында.

Мамлекет башчысы эске салгандай, былтыр ички дүң продукциянын өсүшү 8,6 пайызга төмөндөгөн, же акыркы 14 жыл ичиндеги өтө төмөн көрсөткүч болгон.

«1994-жылдан бери биринчи жолу ушундай кескин төмөндөгөн көрсөткүч болду. Айтарым: ошол эле мезгилде, ушундай эле пандемиянын камалган шарттарында коңшу мамлекеттерде өсүш сакталган. Бюджет боюнча айтсак: 5 жылдын ичинде эң көп чогулганы 148 млрд сом болгон. Быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 11 айда 162 млрд сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 41%га же 47 млрд сомго өстү.

2019-жылдын 11 айына салыштырмалуу 36 млрд сомго көбөйдү. Биз быйыл бюджеттик көрсөткүчтөрдө пандемия жок мезгилдеги көрсөткүчтөрдөн да бир топ жакшы жетишкендиктерине чыга алдык. Биз жаңы салык ойлоп тапкан жокпуз. Биз башкарууну өзгөртүп, фискалдаштырууну күчөтүп — коррупцияны кыскартып кошумча акча каражат таптык. Ушул Министрлер Кабинетин дайындап жатканда консолидацияланган бюджетти 280 млрд сомго жеткирүү боюнча элге убада кылганбыз. Бул тапшырманы биз аткардык. 2021-жылды 306 млрд сом менен жыйынтыктайбыз, же 26 млрд сомго көп болушу күтүлүп жатканын айтып коюшубуз керек.

2022-жылы консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрүн 400 млрд сомго чейин жеткизүүгө толук фундамент түзүлдү деп ойлойбуз», — деди Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

658