7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

5 жылдын ичинде жолдорду курууга, оңдоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 16,5 миллиард сомго чейин өстү

569

Жолдорду курууга жана оңдоого бөлүнгөн финансылык каражаттардын көлөмү 5 жылдын ичинде 10 млрд 139 млн сомдон 16 млрд 543 млн сомго чейин өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алсак, 2018-жылга каржылоонун жалпы суммасы 10 млрд 139 млн сомду түзсө, аткарылган иштердин көлөмү 558 км (анын ичинен 374 км асфальт-бетон төшөлгөн) түздү. Кийинки жылы бөлүнгөн каражаттын көлөмү 11 миллиард 752 миллион сомду түзүп, аткарылган иштердин көлөмү 754 чакырымды түздү (анын ичинен 425 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).

2020-жылы коронавирустук инфекция пандемиясынан улам аткарылган жумуштун жалпы көлөмү болгону 314,4 чакырымды түзүп, ага 7 миллиард 133 миллион сом сарпталган. 2021-жылы жолдорду курууга 12 миллиард 273 миллион сом каралып, 280 чакырым жол курулуп, оңдолгон (анын ичинен 186 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).

Үстүбүздөгү жылга 661,5 чакырым жолду курууга жана оңдоого 16 миллиард 543 миллион сом бөлүү пландалууда (анын ичинен 406 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).

Министрлер Кабинети белгилегендей, жолдорду курууда зарыл болгон жол жээгиндеги инфраструктураны, мисалы, май куюучу жайларды, дааратканаларды, медпункттарды, коомдук тамактануу жайларды түзүүгө каражат каралышы зарыл.

Белгилей кетсек, учурда КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу менен жол куруу тармагындагы 11 долбоор ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

570