7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«50 гектардан ашык жер тилкеси менчикке өткөрүлгөн». Жерлерди берүүдөгү коррупциялык фактылар аныкталды

701

Мамлекеттик жерлерди берүүдөгү коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Өткөн жылдын 25-ноябрында УКМКда Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бир катар кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик жерлерди жеке менчикке берүү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери катталган.

«Туруктуу коррупциялык схеманын негизинде Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин, мамлекеттик архивинин жана Ысык-Көл райондук сотунун кызмат адамдары тарабынан Ысык-Көл районунун Өрнөк жана Чок-Тал айылдарында жайгашкан туризм жана айыл чарба багытындагы 50 гектардан ашык жер тилкелери жеке менчикке өткөрүлгөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү процессине көз карандысыз баалоочу тартылып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 60 миллион сомдон ашык зыян келтирилген»,- деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалпы аянты 25 гектардан ашык жеке жер тилкелерин өз ыктыяры менен кайтарып берүү сунушталып, муну менен мамлекетке 33 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурулду. Калган жер тилкелери боюнча прокуратуранын мүмкүнчүлүктөрү аркылуу мамлекеттик мүлктү жарандык тартипте кайтарып алуу боюнча сот органдарына тиешелүү доо арызы берилди. Азыркы учурда Ысык-Көл облусунда жер мыйзамдары жаатындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

702