7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«50 миң сом ачка таап бересиң». Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шериги менен кармалды

771

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кылмыштуу шериги менен кармалды. Бул туралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-март күнү саат 03:00 чамасында Өзбекстандын 49 жаштагы жаранын убактылуу Жалал-Абад шаарында жашаган үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз жарандар киришип, «Биз общактанбыз» деп коркутуп ноутбук жана уюлдук телефонун алып, өзүн автоунаа менен талаага алып барып уруп, «50 миң сом ачка таап бересиң» деп кайра үйүнө таштап кетишкен.

Бул факт маалыматтык электрондук журналга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Жалал-Абад шаарынын 1996-ж.т. тургуну М.А. жана анын кылмыштуу шериги Сузак районунун 1997-ж.т. тургуну Ш.М. кармалышып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772