7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

50 сом менен эксперимент жасаган чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылат (ВИДЕО)

192

Миграция эрежелерин бузган жана улуттук валютаны кордогон чет өлкөлүк жаран кармалып, өлкөдөн чыгарууга даярдалууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрда социалдык тармактарда 50 сомду эки бөлүп эксперимент жасаган чет өлкөлүк жарандын өздүгүн аныкталды. Аталган видеодо кадрларда эркек киши Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын демонстративдүү айрып, мамлекеттин символдоруна жана коомдук адеп-ахлак нормаларына карата сыйлабастык көрсөтүп жаткандыгы көрүнөт.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы төрөлгөн чет өлкө жараны С.А. кармалды. Анын Кыргызстан аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн тастыктаган документтери жок экени аныкталды.

Миграция мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча аталган чет өлкөлүк жаранга карата Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

 

193