7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«141 өлкө колдоого алды». БУУнун Башкы ассамблеясынын Украина боюнча резолюциясы

1062

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинага басып киришин айыптап, Орусия Федерациясынан өз аскерлерин Украинанын аймагынан токтоосуз чыгарып кетүүсүн талап кылган «Украинага каршы агрессия» резолюциясын кабыл алды. Бул тууралуу АКИ пресс маалымат агентиги жазып чыкты.

Жыйынтыгында 141 өлкө колдоого алды. Ал эми 5 өлкө — Россия, Беларусь, Түндүк Корея, Эритрея, Сирия каршы болгон.

Бул маселеде так добуш бербеген 35 өлкө болду. Алардын арасында Кыргызстан, Армения, Кытай, Конго, Мадагаскар, Моңголия, Пакистан, Сенегал, Казакстан, Тажикстан, Индия, Түштүк Африка, Иран, Ирак бар.

11 өлкө добуш берүүдөн карманды. Анын ичинде: Азербайжан, Марокко, Түркмөнстан, Өзбекстан, Венесуэла жана башкалар.

Добуш берүүдөн карманган же добуш бербеген өлкөлөрдө 4,24 миллиард адам жашайт. Резолюцияны колдогон өлкөлөрдө 3,27 миллиард адам жашайт. Резолюцияны колдогон өлкөлөрдүн жалпы ички дүң продукциясы калыс болгондордон 3 эсе, каршы болгондордон 38 эсе көп.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1063