7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

№53 түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары кармалды

654

Юстиция министрлигине караштуу №53 ЖАМ мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августта Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, арыз ээсине 25 000 сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда КРнын Адилет министрлигине караштуу №53 ЖАМ мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн башчысы «И.А.С.» кармалган.

Июнь айында аталган мекеменин кызматкери И.А.С. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу мекемесине кызматка орноштуруу үчүн “З.Д.З” аттуу жарандан 40 000 сом сураган жана алдын ала төлөм түрүндө 25 000 сом алган. Бирок, убакыт өткөндөн кийин, И.А.С. иш менен камсыз кылуу, ошондой эле мурда алынган каражаттарды кайтарып берүү маселесин талкуулоо аракетин ар кандай жолдор менен жокко чыгарып, арыз ээси «З.Д.З.» менен байланышты токтоткон.

Учурда кармалган кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

655