7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде соода борборунан 600 миң сом акча уурдагандар Бишкектен кармалды

739

Баткенде соода борборунан жарым миллион сомдон ашык акча уурдагандар Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы “Асылбек” соода борборунун сатуучусу 32 жаштагы С.С. 16-марттан 17-мартка караган түнү белгисиз жарандар анын дүкөнүнүн эшигин бузуп киришип, 600 миң сомго жакын акчасын уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен ШИИБне Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, Баткен районунун 15 жаштагы Н.К. жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын 18 жаштагы М.Ж. аттуу тургундары Бишкек шаарынан кармалды.

Кылмышка шектүү өспүрүмдөр жеңил акча табуу максатында уурдалган акчага сатып алынган телефондор, кийим кечелери менен тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Азыркы күндө тергөө иштери сотко жиберилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740