6-июлга караган акыркы сутка ичинде коронавирус дагы 1 233 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза болгон. Бишкекте 4, Ысык-Көл облусунда 3, Баткен облусунда 1.

  • Бишкек шаарында – 789,
  • Ош шаарында – 44,
  • Чүй облусунда – 139,
  • Ош облусунда – 32,
  • Талас облусунда – 9,
  • Нарын облусунда – 13,
  • Ысык-Көл облусунда – 35,
  • Жалал-Абад облусунда – 83,
  • Баткен облусунда – 89.

Бүгүн, 763 адам илдеттен сакайган.  Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Учурда стационарларда коронавирустан 4 миң 158 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 12 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 30 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бир суткада стационардан 7, үй карантинден 17 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 5 миң 644 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 003 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 133 миң 303 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 113 миң 975 киши айыгып чыкса, 2 миң 54 адам каза болду.