7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

6 млн сом зыян келтирүүгө шектелип Караколдогу «Суу канал» ишканасынын жетекчилери кармалды

194

Каракол шаардык «Суу канал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы Каракол шаарын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жооптуу кызматкерлер тарабынан шаардагы суу алуучу жайлардын биринин аймагындагы үч скважинага бургулоо иштери боюнча тендер өткөрүлүп, 2023-жылдын 31-декабрына чейин тендердин баасы 38 миллион 927 миң сомду түзгөн. Бирок, ошол учурдан тартып ушул кезге чейин «В» ЖЧКсынын жооптуу кызматкерлери ар кандай себептерди шылтоолоп (жер шартынын татаалдыгынан бургулоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу) көрсөтүлгөн долбоордон четтеп, сапатсыз чыгымдалуучу материалдарды пайдаланышып, натыйжада бургуланган скважиналардан иче турган суу талап кылынган өлчөмдө берилбей калган.

“Аталган муниципалдык ишкананын кызмат адамдары долбоордон четтегенине карабастан аткарылган иштердин ашыра көрсөтүлгөн актыларына кол коюп, ошону менен мамлекеттик бюджетке 6 млн.сомдон ашык зыян келтиришкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Каракол шаардык «Суу канал» ишканасынын жетекчиси О.Ж.К. жана «В» ЖЧКсынын жооптуу кызматкери Д.Р.К. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды”, — деп берилет маалыматта.

195