Бишкек шаардык соту гезит дизайнери Эрнис Жээнтаевге карата мурда чыгарылган өкүмдү кайра карап, сот залынан бошотуу боюнча чечим кабыл алды.
Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү боюнча акталып, ал эми 278-берененин 3-бөлүгү боюнча жаза өзгөртүүсүз калтырылып, төрт жылдык пробациялык мөөнөт белгиленди.
Буга чейин Эрнис Жээнтаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен соттолгон. Кийин иш Бишкек шаардык сотунда каралган. Соттун чечими менен ал камактан бошотулду.
Эрнис Жээнтаев 41 жашта, үч баланын атасы. Маалыматтарга караганда, ал социалдык тармактарда активдүү пикир жазып жүргөн.




