7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«600 км бүттү, 300 км калды». Жапаров Кыргыз-тажик чек арасы жакынкы араларда толук чечилерин айтты

978

Бүгүн Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине берген маегинде Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жооп берди.

Анда президент Өзбекстан менен азыр кандай жакшы мамиле болуп жаткан болсо, Тажикстан менен дагы ошондой мамиле болорун белгиледи.

“Тажикстан менен чек ара маселеси токтоп калган жок, чечилип келе жатат. 600 км бүттү, 300 км калды. Бирок жай жүрүп жатат. Жай жүрүп жатканы бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара бир айда эле чечилип калбайт экен да. Талаш-тартыш жерлер бар дегендей. Бирок жакынкы араларда, Кудай буюрса, толук чечебиз. Чек араны толук бүтпөй туруп, эки жак тең бир метр жерге тосмо кое албайт. Аны түшүнбөгөн кишилер тосмо койсо болбойт беле деп сүйлөй берет. Бүтөрү менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз. Чек ара посттору ачылат. Соода-сатык жүрө баштайт.. Карым-катнаш мурдагыдай уланат деп ишенип турам”,- деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

979