7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалды

217

2025-жылдын октябрь айынын башында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда 73 жаштагы абалы өтө оор бейтапка аорталдык клапанды транскатетер аркылуу имплантациялоо боюнча жогорку технологиялуу уникалдуу операция ийгиликтүү аткарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Бейтапка «Критикалык аорталык стеноз жана жетишсиздик, митралдык жана трикуспиддик клапандардын III даражадагы жетишсиздиги» деген диагноз коюлган. Эхокардиографиянын жыйынтыгы боюнча жүрөктүн чыгаруу фракциясы болгону 26% түзүп, өтө оор жүрөк жетишсиздигин көрсөтүп турган.

Буга чейин ал Новосибирск шаарындагы академик Мешалкин атындагы клиникада консультациядан өткөн. Ал жерде ашказандын жара оорусуна жана кан кетүү коркунучунун жогору болушуна байланыштуу кошумча дарылоо сунушталган. Бирок дарылануу учурунда бейтаптын абалы кескин начарлап, аны ташып жеткирүү мүмкүн болбогондуктан, ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтуна жаткырылган.

218