7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда өткөн Азия чемионатында Улуттук курама команда 6 медаль жеңди

674

Кыргызстандын каратэ-до WKF боюнча улуттук курама командасы 16-20-декбрь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия чемпионатында 6 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчулар 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль утту.

Чемпионат кадеттер, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өтүп, 28 мамлекттен 755 спортчу катышты. Чоңдор арасында 50 кг салмак категориясында Умида Айсаева жана 75 кг салмакта Назим Нурланов алтын медаль тагынды. 61 кг салмакта Кымбат Тойтонова экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль алды.

Ал эми кадеттер арасында 54 кг салмак категориясында Даткайым Байжигитова, 61 кг салмакта Эрлан Акылбек уулу жана 63 кг салмакта Кадыр Үсөнбеков коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Бакыт Дүйшеевдин жетекчилиги алдында чемпионатка катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675