7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курсант Абдрахманов «Манас» театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

927

КР эмгек сиңирген артисти Курсант Абдрахманов Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Буга чейин бул кызматта театрыбыздын манасчысы, Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси Замирбек Баялиев аркалап келген. Замирбек Баялиев өз ыктыяры менен ордун бошотуп, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин буйругу менен Абдрахманов Курсант Барктабасович дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини чыгармачыл жамаатка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, cпорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Курсант Абдрахманов 1971-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Миң-Булак айылында туулган.
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин драма жана кино актёрлук адистигин аяктаган.

Буга чейин Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрынын көркөм жетекчиси, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-көл облустук музыкалык драма театрынын директору болуп иштеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

928