7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«9 адам курман болуп, 67си жаракат алган». Жалал-Абадда 7-Апрель элдик революциясынын курмандыктары эскерилди

792

Бүгүн, Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияда курман болгон жарандар эскерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар, мекеме-ишкана жамааттары жана тургундар катышты.

Облус башчысынын орун басары Эркинбек Маматаев он эки жыл мурунку каргашалуу апрель окуясы эл бийлигин менчиктеп, ырыскысын өз бүлөсүнө тарткандардын мүдөөсү аткарылганын белгиледи. Ошондой эле 7-апрель күнү Кыргыз элинин тарыхында жалпы журт бир максатка биригип өзүнүн майтарылбас эркин көрсөтүп, жалпы эрдиктин, элдик жеңиштердин мисалын дагы бир ирет көрсөткөнүн айтты.

Эскерүүдө каза болгон жарандардын сүрөттөрү илинген тактайчага гулчамбар коюлуп, куран окулду. Окуяда Жалал-Абад облусунан 9 адам курман болуп, 67си жаракат алган. Жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоолор көрсөтүлүп турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

793