7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«9 бала чыркырап калды». Депутат дарыгерлерге чара көрүлүшү керектигин айтты

579

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова Чүйдө төрөттөн кийин көз жумган келиндин маселесин көтөрдү.

«Ачык эле дарыгерлердин күнөөсү менен болгондой. Себеби, жакындарын киргизбестен, эч маалымат бербестен, 1 күндөй кармашкан. 9 бала чыркырап калды… Бул бир эле учур эмес, буга чейин эгиз бала төрөгөн келин каза болгон. Буга чара көрбөсөк болбойт. Төрөткананын жетекчилигине, дарыгерлерге чара көрүлүшү керек. Бул билинип калганы, билинбеген өлүмдөр канча?»- деди ал.

Эскерте кетсек, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөн. 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, анын эртеси каза болгон.

580