Адамзатына эң ыңгайлуу аба-ырайы бул 20дан 25ке чейинки температура болуп эсептелинет. Бирок, Кыргызгидромет маалымдагандай, 7-июндан 9-июнга чейин аба ырайы 40 градус ысык болушу күтүлүүдө. Жылуулукту оңой көтөрүү жана ысык өтүп кетпөө үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо керек:
Өтө ысык күндөрдө жана сааттарда физикалык активдүүлүктөн алыс болууңуз. Жайкы баш кийим жана табигый кездемелерден жасалган ачык түстөгү кийимдерди кийүү зарыл. Жаныңызга ар дайым суу алып, аны аз-аздан ичип туруңуз. Суусундуктардын ичинен жаңы сыгылган жемиш ширелерин, канты аз суусундуктуктарды тандаңыз. Түштүктүктөр ичкен жашыл чай ысыкта да пайдалуу: ал жылуулук алмашууну жөнгө салат.
Өнөкөт ооруларыңыз бар болсо дарыгер жазып берген дары-дармектерди ичүүнү жана кан басымыңызды көзөмөлдөөнү унутпаңыз. Үйдө болсоңуз терезелерди ачып, желдеткичтерди жана кондиционерлерди колдонуп, абанын туруктуу айлануусун камсыз кылыңыз. Анда санда салкын душка түшүп туруңуз.
Ысык мезгилде майлуу тамактардан баш тартып, этти керектөөнү минималдаштыруу зарыл. Ышталган, куурулган жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарынын санын азайтуу керек. Ошондой эле көчө күркөлөрүнөн этке толтурулган пирожкилерди жана бат ачый турган тамак-аштарды сатып алуудан баш тартыңыз. Ысык аба-ырайында энергияга болгон муктаждык азаят, буга байланыштуу организм жайында аз калориялуу тамак-ашка муктаж. Жайында «жеңил» диетаны тандаңыз: жашылча салаттары, бууга бышырылган балык, сезондук мөмө-жемиштер, муздак шорполор, ар кандай пайдалуу даамдар жана албетте балмуздак.
Эгер жаныңызда кимдир бирөөнү ысык урса, жабырлануучуну дароо көлөкөгө жаткырып, башына кан агып турушу үчүн буттарын көтөрүү керек. Анын сөзсүз дем алып жатканын текшерип, артынан дароо «тез жардам» чакырыңыз.
Эсиңизде болсун: жабырлануучу салкын жана желдетилген жерде, моюну ачык, башын көтөрүп жатышы керек. Чекесине нымдуу компресс коюуну унутпаңыз жана кашык туз кошулган таза суу бериңиз.