7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

90 миң сомдон ашык акчасы бар баштыкты күч колдонуп тартып алып качып кеткен жаран кармалды

320

Бишкек шаарында тоноочулукка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 27-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында Бишкек шаарындагы 6-кичи райондо белгисиз адам аялга кол салып, сумкасын күч менен тартып алган. Сумканын ичинде 94 миң 600 сом болгон.

Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси («Каракчылык») боюнча реестерге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Укук коргоо кызматкерлери 32 жаштагы П.Н аттуу шектүүнү кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишти.

Октябрь РИИБи кылмышка шектүүдөн жапа чеккен же ал тууралуу маалыматы бар жарандардан төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт: 0 (552) 102-474 жана 102.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

321