7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

90% жаш балдар… Бишкектеги ооруканадагы ызы-чуу (ВИДЕО)

158

Бишкекте сасык тумоо күчөп жатат. Бир күндө 421 бейтап жугуштуу илдеттер ооруканасына кайрылып, алардын 163ү жаткырылды. Бул тууралуу республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

Анын айтымында, бейтаптардын 90% балдар, ал эми жандандыруу бөлүмүндө 9 бала.

«Ооруканага келгендерди “орун жок” деп кайра жөнөткөн жокпуз. Жылдагыдай эле кошумча керебеттер даярдалган. Чынында кезек көп. Анткени балдарды ата-энелери же башка туугандары алып келет. 10-15 бала болсо, коштоочулар менен 30дан ашып, коридорлордо киши көп көрүнүүдө. Биз биринчи кезекте дене табы көтөрүлүп, калтырак баскан же дем алуусу кыйындаган балдарды кабыл алабыз. Жөн эле консультация үчүн келип, “көрүнүп кетели” дегендер да көп. Алар өз поликлиникаларына эле кайрылса болот, бирок ушул жакка келип жатышат», — дейт Аалиев.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

159