7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«900 миң сомдон ашуун зыян». Аламүдүндө тигүүчү машиналарды уурдоого шектүү кармалды

649

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын март айынын башында Аламүдүн РИИБине 1968-жылы туулган К.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз бирөөлөр контейнеринин эшигин бузуп кирип, кийим тигүүчү машиналарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 900 миң сомдон ашкан.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү учурунда шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталып, башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650