7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

900 миң сомдук материалдык чыгым келтирген. Өзгөндө мал уурдаган 4 жаран кармалды

823

Өзгөн районунда жайытта жоголгон 10 баш бодо малды уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-декабрында Өзгөн районунун 43 жаштагы Э.А., аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээси 10 баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин, материалдык чыгым 900 миң сомду түзгөндүгүн айткан.

Жүргүзүлгөн иштердин негизинде Өзгөн районунун тургундары 30 жаштагы Х.Ш., 22 жаштагы С уулу З., 30 жаштагы М.М., жана 28 жаштагы М.С., экендиги аныкталып, тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин («уурулук») кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, башка кылмыштарга тиешеси барбы жокпу териштирилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

824