
Өлкөдө 7-февралдан 10-февралга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондорунда Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Чаткал району) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.