Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунда жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды
441
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №960 Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер менен Ош шаарынан тартылган 1 жүктөгүч жана 1 трейлер иштеп жатат. Жалпы көлөмү болжол менен 4000 м3дан ашкан жер көчкүсү бүгүн эртең менен саат 09:00дор чамасында жүргөн. Азыркы тапта да жер көчкү акырындан жылып жатат. Толук кандуу жумуштар көчкү токтогондо жүрөт.
23-август кечки саат 18:00дор чамасында бир тараптуу жол берилери болжолдонулган.