Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесинин алдында Кыргызстандын Грузиядагы элчилигинин демилгеси жана Ардактуу консулдарынын колдоосу менен жазуучунун чыгармалары грузин тилине которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык,чыгармалардын жыйнагына «Биринчи мугалим», «Кызыл жоолук жалжалым, «Ак кеме» сыяктуу повесттери кирген.
Кириш сөздү улуу жазуучунун уулу – экс-тышкы иштер министри Аскар Айтматов жазган. Китептин бет ачары ушул жылдын күзүндө Тбилисиде өткөрүлөт.