Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата физикалык кысымдар көрсөтүлүп, ур-токмокко алынган деген билдирүү, чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
Бүгүн, сайттарга милиция кызматкерлери кармалгандарды ур-токмокко алып күнөөнү мойнуна алдырды деген жаңылык тараган. Ал чындыкка дал келбейт.
33 жаштагы К.Ж. аттуу жарандын Сокулук районунун Чат-Көл айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуясына шектелип жаткан 1988, 1993, 1965-жылы туулган жарандар кармалган. Бул жарандардын жогорудагы оор кылмышка катышы бар экендиги тергөө жүрүшүндө алынган буюм далилдер, жана башка иш материалдары менен тастыкталган.
Ошол себептен айыпталуучулардын, милиция кызматкерлери тарабынан физикалык же моралдык кысым көрсөтүү жолу менен күнөөнү моюнга алдырды деген билдирүүлөрү, бул коомчулукту адаштырууга жана алардын жасаган кылмыштын жоопкерчилигинен качуу аракети болуп эсептелет.
Эске салып кетсек, 22-июль күнү маркум Сокулук районунун Чат-Көл айылында жайгашкан үйүнөн унаасы менен чыгып, дайынсыз жок болуп кеткен. Кийинчерээк унаасы айылдын кире беришинен табылган. Аталган факт Сокулук РИИБте катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, дайынсыз жоголгон күнү жаран мурда карызга акча алып, кайтарып бербей жүргөн «Ю» аттуу айылдашыма барам деп кеткени такталган.
24-июлда Чат-Куль айылынын тургундары, 3 жаран аны өлтүргөндүгү жана денесин Чат-Көл айылынын четиндеги жерге, таштандылардын арасына жашырып койгондугу такталып, окуя болгон жерден кынтыксыз болгон далил буюмдар алынган.
Адам уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши КР кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (Киши өлтүрүү) кайра квалификацияланган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын баардык жагдайлары аныкталып, кынтыксыз буюм далилдери табылып, кылмышка шектүүлөр Чат-Көл айылынын тургундары кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
26-июль күнү шектүүлөргө Сокулук райондук сотунун чечими менен, эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.