Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 8-февраль күнү саат 09:33тө Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.