
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу Kaktus.Media өздүк булактарына таянып жазып чыкты .
Маалыматка ылайык, Түлөбаев өз арызынын негизинде кызматтан кеткен. Ошондой эле ага президенттин иштери боюнча менеджери кызматы сунушталганы да маалымдалды. Түлөбаевдин ордуна Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болот. Муниципалитеттин жаңы башчысынын милдетин аткаруучу командага эртең, 9-февралда тааныштырыла турганы да кабарланды