Мыйзамсыз тургузулган көп кабаттуу үйлөр инженердик тармактардан ажыратылды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери убактылуу токтотулгандыгы белгиленди. Тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлери жана курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө юридикалык баа берилет.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМК тиешелүү шаар куруу жана уруксат берүүчү документтери жок көп батирлүү турак үйлөрдү куруунун системалуу фактыларын ачыкка чыгарган.