7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда Садыр Жапаровдун атасынын атындагы ислам маданий борбору ачылды

629

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында атасы Мусталый уулу Нуркожо ажынын ысымы ыйгарылган Жалал-Абад шаарындагы жаңы Ислам маданий борборуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбор менен таанышуу учурунда Мамлекет башчысы Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунарын эске алуу менен мусулмандардын намаз окуй турган жаңы жери пайда болорун белгиледи. Бул ислам борбору калк арасында диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында жакшы ниет менен курулган.

Президент Садыр Жапаров Борбордун эки кабаттуу жаңы имараты менен таанышты. Биринчи жана экинчи кабатта намаз окуй турган жайлар бар, жалпысынан 450 кишиге ылайыкталган. Ушул эле жерде Мамлекет башчысы намаз окуду.

Мындан тышкары жер төлөдө имамдардын ыңгайлуу билим алуусу үчүн бардык шарттар менен 3 бөлмө жабдылып, борбордун аймагында чет элдик коноктор үчүн жатакана да салынган. Объекттин курулушу 2022-жылдын августунда башталып, 2023-жылдын августунда толугу менен бүткөрүлгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630