7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде Эгемендүүлүк майрамы чоң салтанат менен өтөт

625

Баткен шаарында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы чоң салтанат менен өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү борбордук стадиондо саат 10:00дө кол өнөрчүлүк жана тамак-аш көргөзмөсү болот.

Саат 10:45де майрамдык салтанаттын расмий ачылышы башталып, жетекчилердин куттуктоосу менен бирге театрлаштырылган оюн-зоок, аскер бөлүктөрү тарабынан даярдалган атайын көрүнүштөр, концерттик программа тартууланат. Мында кошуна Өзбекстандын белгилүү эстрада жылдыздары да өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Саат 12:40да майрамдын урматына спорттук иш-чаралар башталат: Улуттук кыргыз күрөшү, аркан тартыш, кол күрөш, таш көтөрүү жана стол үстүндөгү теннис боюнча аялдар жана эркектер арасында мелдеш өтөт. Ар бир спорттук оюндар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, байгелер тапшырылат.

Президенттин өкүлчүлүгү баткендиктерди шаардын борбордук стадионундагы майрамдык маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышып, көңүл ачып кетүүгө чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

626