«Жумуштан кетүү арызымды бердим, менин миссиям бүттү», — дейт кызматтан кетип жаткан мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн, 9-февралдагы маалымат жыйынында.
Анын айтымында, кызматтан кетүү арызын ал өз каалоосу менен жазган.
Маалыматка ылайык, ал өз эрки менен кызматтан кетүүгө арыз жазган. Ошондой эле, кимдир бирөөнүн басымы болбогонун белгиледи.
«Мен кечээ Премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугуп арызымды бердим. Мен мурдагы эле мэрди шайлоого катышпайм деп айткам. Мен башында эле Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, шаардагы кырдаалды иретке келтирүү үчүн бул кызматка келгем. Менин миссиям бүттү деп эсептейм», — деди Түлөбаев.