7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы өз каалоосу менен кызматтан кетти

251

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов өз каалоосу менен кызматтан кетүүсү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында Жылдызбек Исакулов кызматкерлерге колдоосу жана биргелешкен иштери үчүн ыраазычылык билдирип, фонд мамлекеттик мүлктүн сакталышы жана сарамжалдуу пайдаланылышы үчүн жооптуу экендигин белгиледи.

«Бир жарым жыл ичинде биздин фонддун иши ачык-айкын болуп, бюджеттик планды аткаруунун негизги милдетин аткардык. Ошол себептүү мындан ары дагы ак ниеттүүлүк менен ишти улантуу керек», — деп билдирди Исакулов.

Белгилей кетсек, Жылдызбек Исакулов бул кызматка 2019-жылы август айында дайындалган. Ал Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Буга чейин 2018-жылы өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп эмгектенген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

252