7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош-Бишкек жолунда баңгизаттардын ири партиясын ташып бара жаткандар кармалды

339

Ош-Бишкек жолунда баңгизаттардын ири партиясын ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюу боюнча өткөзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 5-февралында болжол менен саат 02:00 чамаларында Жалал-Абад облусунун Токтогул айылынын Ош-Бишкек автожолунда ИИМдин БМЖКККнын жана Токтогул РИИБдин ЖКККББнын кызматкерлери менен биргеликте Б.У. аттуу жарандын башкаруусундагы «Mitsubishi Delica» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган.


Автоунаага кароо жүргүзүү учурунда алдыңкы жүргүнчүлүк ордүнан рюкзактын ичинен күкүрт формасындагы жапайы өскөн кара-куурай кендир жыты бар, кара-жашыл түстөгү зат табылып алынган. Баардыгы 167 даана болуп эсептелген.


Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат салмагы 1 кг 937 граммды түзгөң «гашиш» баңги каражаты деп аныкталган.


Алынган маалыматтын негизинде баңги каражаттар Чүй облсунун 1983-ж.т. Б.У. аттуу айдоочуга жана 1979-ж.т., С.М. аттуу жүргүнчүгө таандык экени аныкталган.
Учурда баңги каражаттарды ташууга тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

340