Ноокат райондук прокуратурасы Төөлөс айыл өкмөтүндө жүргүзгөн текшерүүсүндө, аталган айыл өкмөттүн тургундары болуп саналган К.Б. жана К.А. аттуу жетим балдар турак жай куруу үчүн жер тилкелер менен камсыз болбогондугун аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2021-жылдын 30-январында райондук прокуратура Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акты келтирип, орун алган мыйзам бузууну тез арада четтетүүнү талап кылган.
Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен 2021-жылдын 1-февралында Төөлөс айыл өкмөтүнүн тийиштүү токтомдорду кабыл алынып, жогорудагы жетим балдардын ар бирине 0,08 га келечекте турак жай куруу үчүн жер тилкелер бөлүнүп берилди.
Учурда, токтомдорду каттоо органынан өткөрүү боюнча иштери бүткөрүлүүдө.