7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов: Документтердин санына эмес, сапатына көңүл буруу керек

321

«Алдыдагы өзгөрүүлөр жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртуучу жыйынтыктарды бериши зарыл», — дейт премьер-министр Улукбек Марипов. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

«Биздин коңшуларда санариптик технологияларды өнүктүрүү жогорку деңгээлде. Расмий документтерди берүүдөн тарта коомдук транспортто акы төлөөгө дейре бардык мамлекеттик тейлөөлөр санариптештирилген. Биз алга умтулуубуз керек. Бардык мамлекеттик тейлөөлөрдү санариптештирүү боюнча иштер өзгөчө көзөмөлдө болушу зарыл», — деди Улукбек Марипов.

Мындан тышкары, Премьер-министр коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө, жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алуунун, ошондой эле учурдагы ченемдик-укуктук актылардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү боюнча иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууда алардын кайталанышын четтетүү боюнча комплекстүү ишти жүргүзүү зарыл.  Документтердин санына эмес, сапатына көңүл буруу керек», — деди ал.

Жыйынтыгында Улукбек Марипов Өкмөт Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин алдыга коюлган максаттарга жетишүүдө бардык күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды жана Өкмөт Кыргыз Республикасынын элинин жана Президентинин ишенимин актоо үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

322