7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын бухгалгери кармалды

375

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын бухгалгери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы (КМДБ) каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталган.


Ушул каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы (КМДБ) жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.


«2021-жылдын 9-февралында бул факты сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) бюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы (КМДБ) башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган. Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

376