Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Карабаев Медер Жаныбекович Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мурунку жетекчиси Акин Токтоналиев кечээ, 9-февралда кызматынан бошотулган.