7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда Мерседес үлгүсүндөгү автоунааны кар көчкү сүрүп кетти

266

Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда Мерседес үлгүсүндөгү автоунааны кар көчкү сүрүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусу Кара-Кулжа районунда 2021-жылдын 9-февраль күнү саат 15:30 чамасында Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 105-106-чакырым аралыгында (Терек-Чаты тилкеси) болжол менен 3000 м3 кар көчкү түшүп, жол боюнда токтоп турган Мерседес үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны кар көчкү сүрүп кеткен. Унаанын айдоочусу 1990-жылы туулган жеңил жаракат алып. Шок абалда болуп калгандыгы үчүн жергиликтүү тургундардын жардамы менен Кызыл-Жар айыл аймактык ооруканага жеткирилген. Абалы жакшы.

Тазалоо иштерине №26 ЖТИден 2 бульдозер жана 1 грейдер тартылып. Тартылган техниканын жардамында саат 21:00дө унаа жол бир изге ачылып, тазалоо иштери токтотулган. 10-февраль күнү жолду кеңейтип тазалоо иштери улантылат.

Кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2020-жылдын 14-декабрындагы №44-буйругунун негизинде “Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку” мамлекеттик маанидеги унаа жолу, кечки саат 18:00дөн тартып эртең  мененки саат 08:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

267