7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстан кыргыз саясатчыларын чек ара маселелеринде этият болууга чакырды

247

Тажикстан Кыргызстан тарапты чек ара маселелери боюнча билдирүү жасоодо этият болууга чакырды. Бул тууралуу билдирүүнү кошуна өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги таркатты.

Анда кыргыз-тажик чек арасынын делимитация жана демаркациялоо иштери бүтө электиги белгиленет.

Тажик тышкы иштер министри эл аралык нормалардын негизинде такталбаган аймактар делимитация боло элек деп эсептелерин айтат.

«Азыркы күндө кайсы бир талаш жерди өткөрүп берүү тууралуу сөз жок», — дейт ТИМ.

Белгилей кетсек, бул билдирүү премьер-министр Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычынын башаты болгон канал боюнча билдирүүсүнө байланыштуу жасалууда. Өкмөт башчысы кийин Кайырма каналы жөнүндө айтканын айтып актанган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

248