7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият министри Кайрат Иманалиев Венгриянын элчиси Шандор Дорогини кабыл алды

243

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дорогини кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар диалогду өнүктүрүүдө маданияттын маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргызстан жана Венгрия жөнүндөгү маалыматтарды музей, театр, китепкана, массалык маалымат каражаттары жана спорттун айрым түрлөрү аркылуу өз ара маданий жана спорттук иш-чаралар жайылтуу чоң мүмкүнчүлүктөрдү бере тургандыгын белгилешти.

Тараптар маданият, маалымат жана спорт жаатында ар тараптуу кызматташуу боюнча сунуштарын алмашып, Кыргызстан менен Венгриянын өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү тарыхый инсандарды эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө эки тараптын тең кызыкдар экендиги айтылды. Тактап айтканда, элчи Шандор Дороги 2021-жылга карата иш пландарында Кыргызстандагы бир катар маанилүү маданий иш-чараларды айтып, анын ичинде 1900-жылы экспедициянын курамында Кыргызстанда изилдөө жүргүзгөн венгриялык саякатчы Дьер Алмашинин жаркын элесине арналган иш-чаралар камтылгандыгы менен бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын Маданият министри Кайрат Иманалиев сунушту колдоп, венгриялык тараптын демилгелерин ишке ашырууда министрлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.Өз кезегинде Кайрат Иманалиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогиге иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, тараптар мындан аркы тыгыз кызматташууга ишеним билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

244