7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусунда 42 жаштагы жарандан 1 килограммдан ашык гашиш баӊгизаты табылды

253

Ош облусунун Араван районунда 42 жаштагы жарандын үйүнөн 1 килограммдан ашык гашиш баӊгизаты табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү Араван РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын тургуну 42 жаштагы А.Ш. аттуу жарандын үйүнөн салмагы 1 килограммдан ашык болгон өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.

Алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча гашиш баӊгизаты экендиги аныкталган. Учурда бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып тергөө иши башталды. Ал эми кылмышка шектүү 42 жаштагы А.Ш. Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жазылат маалыматта

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

254