Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго коррупция беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Башкы прокуратура «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнун Башкармалыгынын мурдагы төрагасы Э.Чукуевге карата козголгон иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри жана «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнун Башкармалыгынын төрагасы болуп турганда «Gata havayollari ve tasimacilik» деп аталган түрк компаниясын калкалагандыгы ошондой эле аэропорттун айрым кызмат адамдарына чет элдик компанияга эл аралык жүк ташуулар үчүн мыйзамсыз жеңилдетүү көрсөтүү менен пайда көрүүнү көздөгөнү аныкталгандыгын маалымдайт.
Ошондуктан, 2021-жылдын 8-февралында тергөө органдары тарабынан Албек Ибраимовго Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-бер. 1-бөл. (коррупция) менен сыртынан айыбы угузулду. Учурда ал издөөдө жүрөт.