7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сутка ичинде 75 жарандан COVID-19 илдети аныкталып, 1 бейтап каза болду

235

Бүгүн, 11-февралга карата өлкө боюнча дагы 75 жарандан COVID-19 жана пневмония илдети аныкталды. Акыркы сутка ичинде илдет аныкталгандар төмөнкү аймактарда катталганын республикалык штабдан кабарлашты.

Бишкек шаары — 32;
Ош шаары — 1;
Чүй облусу – 17;
Ош облусу — 4;
Талас облусу — 2;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу — 2.

Муну менен өлкө боюнча илдеттен жабыркагандардын саны жалпы 85 миң 328 болду.

Ал эми бир суткада 83 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек – 30;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 32;
Ош облусу – 7;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 6.
Республика боюнча айыккандардын саны жалпы 82 миң 6га жетти.

epa08530726 Medical staff carries the body of a deceased from COVID-19 near a day hospital in Bishkek, Kyrgyzstan, 06 July 2020. In connection with the increase of the number of patients with COVID-19, new day hospitals were opened in Bishkek. People with acute respiratory viral infections and pneumonia can receive consultations, injections and droppers here. EPA/IGOR KOVALENKO

Өлкөнүн медициналык жайларында коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы бирөө каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгон жаран Ош облусунда катталды.

Республикада илдет катталган күндөн бери жалпы 1 миң 437 жаран көз жумду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

236