Женго лакап аты менен белгилүү крим төбөл Кадыр Досонов туугандарына кысым көрсөтулүп жаткандыгына байланыштуу өзү УКМКга келген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына адвокаты Назгүл Сүйүмбаева билдирген.
Анын айтымында, кечээ, 10-февралда саат 23: 50дө Женго адвокаты менен УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгына келген.
«Кадыр Досоновго жер тилкесин мыйзамсыз басып алган деген айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — дейт ал.
Ал белгилегендей, Досоновдун мурунку аялы Ош шаарына үй куруп, ал өзүнүн жер тилкесинен тышкары чыгып кеткен. Анын издөөгө алынганынын бирден-бир себеби ушул.
«Бул иште жеке адамдардын ортосунда сатуу, сатып алуу болгон, бирок УКМКнын тергөө кызматы жер тилкеси айыл өкмөткө берилип, Досонов бийлик өкүлдөрүн коркутуп басып алган деп эсептейт», — деп жыйынтыктады.